Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

18:56 Жалалабат облусунда селден он алты үй жабыр тартты


Сел Аксы районундагы Карасуу жана Каражыгач айыл өкмөтүндөгү 16 турак-жайдын тактай алды менен 3,5 гектар аянтты басты. 7-июлда катуу жаандан улам жүргөн сел мурда тазаланган жолго да зыян келтирди. Каражыгач-Сарычелек унаа жолун 3 чакырым аралыкты, Карасуу айыл өкмөтүндө Топжаңгак-Карасуу автожолунун 8 чакырым аралыгын, суу жүрүүчү 4 арыкты да ылай каптаган. Жолдун бир тарабы гана автоуналар үчүн ачык. Суу ташкын Базаркоргон жана Ноокен райондорунда да жүрдү. Сел коңшу райондордогу онго жакын турак-жайлардын эгин аянттарына кирген. Мындай маалымат чукул кырдаал жана экология бөлүмүнөн алынды. Маалыматтарга ылайык Аксы районунда сел калдыктарын жоюу иштери жүрүүдө. Районго тармактык министрлик тарабынан жетиштүү техникалык каражаттар жана күйүүчү май берилген. Ноокен жана Базаркоргон райондорундагы селден жабыркаган үйлөр ылай-суулардан тазаланып бүттү. (YA)

XS
SM
MD
LG