Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

19:00 Алты облустун жетекчилери чогулган расмий эмес «Фергана саммити» түзүлдү


Фергана саммитине Кыргызстандын Жалалабат, Ош, Баткен жана Өзбекстандын Наманган, Анжиян, Фергана облустарынын губернаторлору кире турган болду. Расмий эмес түзүлгөн саммитти мындан ары башкаруу иши Наманган облусунун губернаторуна, ал эми координаторлугу Ош облус губернатору Жантөрө Сатыбалдиевге жүктөлдү. Мындай маалымат Фергана шаарындагы жолугушуудан кайтып келген губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдон алынды. Анын айтымында Фергана саммитинин кезектеги жыйыны Жалалабат шаарында өткөрүлөт. Ошол жолугушуу учурунда саммит тууралу чечим расмий түрдө кабыл алынат. Бирок ал жыйын качан болуп, кайсы маселелер ортого коюлары тууралуу так маалыматтар жок. Алты облус башчылары 1-жолку жолугушуусунда чек ара, суу, маңзат проблемалары тууралу сүйлөшүп, террорчулукту ооздуктоо, социалдык-экономикалык жактан кызматташуу тууралу пикир алышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG