Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

19:12 Аламүдүн районуна караштуу беш гектар жерди мыйзамсыз басып алышты


Маeвка айыл өкмөтүнүн Лесхоз айылынын сексендей тургуну айылдын жанындагы бош жаткан беш гектар жерди бир нече күндөн бери басып жатышат. "Бул жерге байланыштуу баардык тиешелүү тарапка кайрылдык, эч кандай жооп болбогондуктан мыйзамсыз басып алдык",- дешет алар. Мурун аталган жер буудай аңыз болгон. Бүгүн жер басуучуларга айыл өкмөтү барып жолугуп, бешинчи күнгө чейин жообун берүүнү убада кылган. Бирок жер басып алуучулар жума күнгө чейин жооп болбосо таш түшүрүп үй курууну баштаарын айтышууда. Ал эми Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкулов ал жерге эч кандай курулуш курууга болбой турганын «Азаттыкка» билдирди. Себеби Аламүдүн районуна караштуу бош жаткан беш гектар жер эчак эле ким бирөөнүн менчигине айланып кеткен. (JJ)

XS
SM
MD
LG