Бүгүн Улуттук коопсуздукту сактоо бөлүмүнүн кызматкерлери кендердин иштешине каршы турган Талас районундагы Аксай айылынын тургуну Шумкарбек Жумакеевди суракка алышты. Жумакеев Улуттук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери буга чейин болгон акциялар ким тарабынан каржыланганын сурашканын айтты. Аталган митингдерге эл өздөрү чыкканын, эки жылдан бери бирөөлөр каржыласа ал билинип калмак, деп жооп берди “Азаттыкка” Шумкарбек Жумакеев. Буга чейин 20-июнда губернатор Байымбет Мураталиев менен укук коргоочу Лира Тантабаеванын жогоруда айтылган окуя тууралу тергөөдө беттешүүсү болду. Себеби губернатор менен Тантабаеванын берген маалыматы эки башка болуп чыгууда. Губернатор Лира Тантабаева таш кармап турганынын арызында көрсөтсө, Лира Тантабаева ал окуяга кеч барганын жана колунда таш жок болгонун билдирүүдө. (UA)