Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

АЛАМҮДҮН РАЙОНУНДА БЕШ ГЕКТАР ЖЕРДИ БАСЫП АЛЫШТЫ


Жазгүл Жамангулова, Чүй Аламүдүн районуна караштуу беш гектарга чукул буудай аңызын Маeвка айыл өкмөтүнүн сексендей тургуну басып алышты. Ал эми аталган райондун акими бул жер эчак ким бирөөнүн менчигине айланып кеткендигин айтууда.

Маeвка айыл өкмөтүнүн Лесхоз айылынын сексендей тургуну айылдын жанындагы бош жаткан беш гектар жерди бир нече күндөн бери басып жатышат. Алар бул жерге байланыштуу бардык тиешелүү тарапка кайрылышканын, эч кандай жооп болбогондуктан жерди басып алышканын айтышууда.

Алмагүл: Мен Лесхоз айылында турам. Ушул жерде жашагам, иштегем. Балдарыбыз чоңоюп атат. Үйлөр тар, жер берилбейт. Канча жолу убада кылышты, биз күтүп атып тажадык. Акыры ушинтип басууга туура келди. Сексен түтүн өзүнчө демилге кылып эле мызамсыз басып алганга туура келди.

- Амираев Абдыкасым: Биз бардык тиешелүү тарапка кайрылдык. Кыйраткан жооп деле болгон жок. Ал эми бул жерге мурунтан бери эле эгин айдалат. Бул кимдин жери билбейбиз. Эгер бул жер бирөөгө менчикке берилген болсо, ал мыйзамсыз.

- Айша: Эл толкуп атат. Биз жума күнгө чейин күтөбүз, эгер жооп болбосо таш түшүрүп баштайбыз. Биз канчага чейин күтөбүз?

Кечээ аларга Маeвка айыл өкмөтүнүн башчысы жолугуп, жерге байланыштуу жообун жума күнү бере тургандыгын айткан. Эгер жума күнгө чейин аталган маселеге көңүл бурушпаса, таш түшүрүп, пайдубалдарды төшөйбүз дешет жер басып алуучулар.

Жер басып алуу окуясы жөнүндө Аламүдүн районунун акими Саматбек Керимкуловго байлашканыбызда ал буларды айтты.

- Алар басып алабыз десе эле боло бербейт. Ал мыйзамсыз болуп калат. Айыл өкмөтүнүн башчысы буларга бир нече ирeт түшүндүрдү. Анын үстүнө ал жерлер Бишкек шаарынын генералдык планына кирип калган. Ал жерге үй курууга мүмкүн эмес. Ал эми жанагы эл басып алган беш гектар жер бирөөнүн менчиги. Бирок биз бул маселеге байланыштуу бардык иштерди карап атабыз.

XS
SM
MD
LG