Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:35

КАЗАКСТАНДЫН ЭҢ ИРИ МАМЛЕКЕТТИК ХОЛДИНГИН БРИТАНИЯЛЫК ИШКЕР БАШКАРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Казакстандын негизги мамлекеттик холдинг-компаниясын жарым жылдан бери британиялык ишкер Ричард Эванс башкарууда. Британ гезиттери жазганга караганда, ал азыр бир топ кыйынчылыктарга такалып жатат.

"Самрук" деп аталган мамлекеттик холдинг-компаниясы Казакстанда 2006-жылдын январында түзүлгөн. "Холдинг" деп - бир нече көз каранды эмес ишкананын көпчүлүк акцияларын колунда кармап, аларга көзөмөл жүргүзгөн компанияны атайт. "Самрукка" - Казакстандын Air Astana, "Казмунайгаз", "Казтрансгаз", Казактелеком", "Казпочта", KEGOC, "Казакстан темир жолы" деген сыяктуу негизги ишканалардын акциялары берилген. Мындай мамлекеттик холдинг түзүү ыкмасын 1974-жылы Сингапур колдонгон жана казак жетекчилиги ошол сыяктуу жол менен өнүгүүнү тандап алгандай.

Жаңы мамлекеттик башкаруучу компаниянын аткаруучу деректири болуп Сауат Мынбаев дайындалган, былтыр октябрда болсо анын деректирлер кеңешин жетектөөгө белгилүү британиялык ишкер Ричард Эванс чакырылды.

Лондондо чыгуучу "Таймс" гезити 9-июлда жазганга караганда, Эванстын алдында - Казакстандагы бизнести модернизациялап, ишкердүүлүккө тазалык жана ачыктык киргизүү максаты турат, бирок бул багытта бир кыйла кыйынчылыктар бар. Мисал үчүн, "Казмунайгаз" компаниясын президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев башкарат жана өлкө экономикасынын бир топ тармактары президенттин үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө баш ийет.

Баш кеңсеси Лондон шаарында жайгашкан Тынчтык жана согуш маселелерин чагылдыруу институтунун эксперти Жон Маклеоддун айтымында, Казакстанда азыр иерархиялык система түзүлгөн жана аны өзгөртүү өтө кыйын: "Бул түзүлүштү иерархиялык система деп атаса болот, анда кайсы бир адамдарга коммерциялык же саясий артыкчылыктар анын өзгөчө абалына жараша берилет", - дейт Маклеод.

Эванстын өзүнүн "Таймс" гезитине билдиргенине караганда, казак калкынын арасында коррупция менен тууганчылыкка каршы маанай бир кыйла күчтүү, бирок коомго терең тарап кеткен кеселди 10-15 жылда жоюу кыйын. Британиянын өзүндө мындай көрүнүштөрдөн арылуу үчүн жүздөгөн жыл кеткен дейт Эванс. "Транспэренси интернэшнл" уюмунун акыркы отчетунда Казакстан коррупция боюнча 111-орунга коюлган, бирок башка борбор азиялык жумурияттар менен салыштырганда, Казакстандагы абал бир кыйла жакшы.

Жетекчиликке келгенден бери Эванс казак компанияларына корпоративдик башкаруунун батыштык үлгүлөрүн киргизүүдө. Казак өкмөтү өзү аныктаганга караганда, андай ыкма менен өлкөдөгү ишканалардын иштиктүүлүгүн күчөтүп, кийин алардын айрымдарын жогорку баа менен менчик колго сатыш керек.

Анткен менен Ричард Эванс өзү Британияда бир кезде коррупциядан күнөөлөнгөн. Ал азыр алтымыш беште, 1978-жылдан тартып курал чыгаруучу British Aerospace компаниясы үчүн эмгектенип келген жана 1998-жылдан 2004-жылга чейин анын жетекчиси болуп иштеген. 1990-жылдарда Британияда - Сауд Арабияга ири өлчөмдө курал сатуу боюнча чоң скандал чыккан, ага тийешеси бар деп Эванстын компаниясы дагы күнөөлөнгөн.

Бул компания Казакстан менен 2000-жылы иштеше баштаган жана биринчи биргелешкен ишкана катары Air Astana түзүлгөн, андан соң британиялык компания Казакстандын абадан коргонуу системасын кайра куруп чыгуу пландарын түзгөн, бирок Маскөөнүн каршылыгынан улам ал пландар ишке ашкан эмес.
XS
SM
MD
LG