Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:22

ӨЗБЕКСТАНДА СЕГИЗ “ХИЗБУТЧУ” АЯЛ ЖАЗАЛАНДЫ


Кечээ Өзбекстандын Ташкен областтык сотунда сегиз аялдын иши каралды. Алардын баарын тергөөчүлөр “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын мүчөлөрү деп айыптап, узак мөөнөткө түрмөгө кесүүнү талап кылышкан эле. Бирок соттун жүрүшүндө аларга тагылган күнөөлөрдүн көбү далилденген жок. Буга карабастан сот аларды үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты, бирөөнү түрмөгө кести.

Ташкен областтык сотунун өкүмү тууралуу кечээ “Азаттыкка” көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун төрагасы Сурат Икрамов маалымдады. Айыпталгандар арасынан Тохтахожаева Дилноз аттуу аял гана үч жылга түрмөгө кесилди, калгандары ушунча эле мөөнөткө шартуу түрдө эркинен ажыратылды.

Сегиз аялга тең прокуратура диний экстремистчил жана сепаратистчил уюм түзгөн,ага жетекчилик кылган жана активдүү катышкан деп иш козгогон. Соттун жүрүшүндө коюлган күнөөлөрдүн көбү далилденген жок,тергөө тарабы күбө катары чакырткан он бир кишинин баары мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышты жана муну милициянын кысымы менен жасашканын,сегиз аялга натуура айып тагылганын айтышты.

Жазага тартылган сегиз аялдын хижаб тартынып жүргөнү гана болбосо “Хизб-ут-Тахрир” партиясына таптакыр тиешеси жок, дейт Икромов. Сотто адвокаттар башка да танык-тастыктарды келтиришип, алардын баарын актоону суранышты. Буга карабастан сот жазыксыз аялдарды жазалоону чечти, дейт Икромов.

Укук коргоочу Өзбекстанда аялдардын ак жерден айыпка жыгылган учурлары көп болот деп билдирди. Жалаң “Хизб-ут-Тахрирге” байланыштуу эле бир нече сот болду, бир эле Ташкен областында быйыл жарым жыл ичинде элүүдөй аял жазаланды, айрымдары түрмөгө кесилди, айрымдары шарттуу мөөнөткө жазага тартылды, дейт Икромов.

Жергиликтүү байкоочулар кечээ сотто күбө катары суралып,бирок мурдагы көрсөтмөлөрүнөн баш тарткандарга тергөө органдары жакынкы аралыкта Өзбекстанда тыюу салынган кайсы бир диний жана башка сепаратистчил уюмдарга байланыштырып, кезектеги кылмыш иштерин козгошу да мүмкүн дешет.
XS
SM
MD
LG