Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

БАДАМ МЕНЕН МИСТЕ -ӨЗГӨЧӨ БААЛУУ ДАРАКТАРДЫН КАТАРЫНА КИРДИ


Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жарлыгы менен мисте ( фисташка) жана бадам Кыргызстандын өзгөчө баалуу дарактарынын катарына киргизилди. Өткөн жылы биринчи жолу мындай баалуу дарактар катары жаңгак жана арча атайын макам алган эле. Ошол эле кезде аларды сактоо жагы атайын мыйзамдар менен корголгон. Мисте жана бадамдын өзгөчө баалуу дарактар катарына киришине кандай жагдайлар себеп болгон?

Кыргыз Республикасынын токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин деректиринин орунбасары Самаган Маматов бадам менен мисте негизинен Кыргызстандын түштүгүндө өсөөрүн, айылга жакын болгондуктан жергиликтүү эл аларды акыркы жылдары каалагандай кыйып-жоюп, отун катары да пайдаланып жаткандыгын, ошондон улам депутаттар кийлигишип жатып ушул жарлык кабыл алынгандыгын, бадам менен мисте токойлору негизинен мамлекеттин эсебинде экендигин, бирок жеке менчиктерге ижарага берилгендигин белгиледи.

Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгондон кийин бадам менен мисте токойлору Кыргызстандагы өзгөчө баалуу дарактардын 32 пайызын түзүптүр. Өзгөчө баалуу дарактарды сактоо жөнүндө Жогорку Кеңеш ушул эле жылы мыйзам да кабыл алган.

Базаркоргон районунун акими Айтмамат Осмонов бадам жана мисте токойлорун жаңгак токтойлору менен тең маккамда кармоо жарлыгын колдогондугунун жүйөсүн мындайча түшүндүрдү:

- Мисте менен бадамдын өсүп турган дарактарын отунга кыркып салгандарын өз көзүбүз менен көрүп зээнибиз кейиген учурлар болгон. Отун базарда аларды ачык эле сатып калышкан болчу. Наавайканаларда, самсыканаларда бадам-отун, мисте-отун жагылчу. Мунун баарысы, биринчиден, токой башкармалыгынын жоопкерсиздиги, кызматтык органдарын реформа кылбай жаткандыгынын натыйжасы деп ойлойм. Жарлык ушундай сарамжалсыздыкты, наадандыкты теске салат.

Айтмамат Осмонов токой башкармалыгы райондук акимчиликке да, облустук акимчиликке да тиешесиз болуп, баш ийбей, Бишкектеги өздөрүнүн гана башчылыгына отчёт бергендигин туура эмес деп эсептейт. Алар жергиликтүү бийликтерге да баш ийсе – жалпы жоопкерчилик күчөйт эле деген ойдо.

Базар коргон районунун акими бадам менен мисте токойлорун өзгөчө маккамдагы токойлорго кошуудан натыйжа чыгат деген ишенимде. Өткөн жылы өзгөчө маккам алган жаңгак токойлорун кыйгандыгы, жаңгак уюлдарын сатууга аракет кылгандыгы үчүн Базаркоргон районунда эле 30дан ашуун адам жоопкерчиликке тартылып, алардын алтоосу абакка кесилип кеткен. Мындай талап-тартип бадам, мисте дарактарын да сактап калат деп эсептейт ал.

XS
SM
MD
LG