Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Польшада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн


Өлкөнүн премьер-министри Ярослав Качинский мыйндай шайлоо быйылкы жыл соңунда же келерки жылдын башында өтүшү ыктымалдыгын билдирди. Ал бул тууралуу башкаруудагы коалициядан «Өздүк коргонуу» партиясы чыгып кеткенин жарыялагандан кийин айтты. Аталган партия лидери Анджей Леппер өкмөт курамынан кетишинен улам ушундай кадамга барган. Өлкөнүн вице-премьери жана айыл чарба министри болуп келген Анджей Леппер аталган министрликтеги коррупцияга байланыштуу кызматынан бошотулган эле.

XS
SM
MD
LG