Мындан сырткары дагы жети аял “Хизб-ут Тахрир уюмуна тиешеси бар деп айыпталууда. Ташкен облустук соту бул айып боюнча жети аялды үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Өзбекстандык укук коргоочу Сурат Икромов “Жазага тартылган сегиз аялдын хижабчан жүргөнү гана болбосо тыюу салынган бул уюмга эч кандай тиешеси жок” - деп билдирди, “Азаттыктын” өзбек кызматына.