Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

ГЕЗИТТЕР КЕП САЛАТ


«Агым» гезити, кечээ жакында кырсыкка кабылып, өрттөнүп кеткен «ЯК-40» учагы жөнүндө... андагы жүргүнчү-чиновниктердин көбү масс экендигин, аткаминер күркүлдөрдүн бири учкучтан штурвал талашканын, учактын каражашиги атайын өчүрүлүп салганын, мурда ырасмий билдирилгендей «ЯК-40» учагы эки кыймылдаткачынын иштебей калгандыгынан эмес, башка себептерден улам конгонун, «Итэк-Эйр» авиакомпаниясы жөнүндө…бул авиакомпания 1 жыл мурда агездеги 1-вице-премьер министр Д.Үсөновдун жубайы Д.Исаевага таандык болсо, ал Акүйдөн кетери менен авиакомпания ЖК төрагасы Марат Султановдун колуна өткөнүн, Суу жөнүндө… кадимки эле булактан аккан суунун литри-15, флягасы-35, тоннасы-200 сомго чыкканын, дүйнө жүзүндөгү таза суунун 40 пайызы Кыргызстанда деген менен дал ушул Кыргызстандын борборундагы «Калыс Ордо» жаңы конушунда ичерге суу жоктугунан жогорудагыдай баада сатылып жатканын, Ысык-Көл жөнүндө…бүгүн көл жээгин жалаң пансионат каптап, көлдөн 20-30 метр аралыкта эле соода, тамак-аш ашканалары жайгашканын, алардын кир суулары менен жугундулары кумга сиңип, ал аркылуу көлгө агып кирип атканын, таңга дейре эптеп тазарган көл түштөн кийин кадимкидей жугунду сасып каларын, айрым эс алганы баргандар самын, порошок, паста менен жуунушса, айрым ыйманы жоктор көйнөк-көнчөгүн да көлгө жууп жатканын жазды. Ушул эле гезит ошол кездеги президенттин админстрация башчысы Аманбек Карыпкуловдун «Аксы окуясына тикелей тиешем жок» деп айткан маектешүүсүн «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» деген рубриканын алдында жарыялады. Карыпкулов сөзүндө андан эч илинчек табалбаганын, тапса эле баса калышмагын, Бекназаров 24-марттан кийин Башпрокурор болуп туруп эларалык издөөдө жүргөн күнөөкөрлөрдү, криминалдык авторитеттерди, миллиондорду уурдап, элдин убалына калган кесепеттерди «буларда эч күнөө жок экен» деп куткарып жибергенин, эртедир-кечтир мунун бети ачыларын айтса, КР президентинин алдындагы адам укугу боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акун, агезде чындап келсе Кыргызстандын президенти А.Акаев эмес эле А.Карыпкулов болгонун, керек болсо анын уруксатысыз Акаевге М.Ашыркулов, О.Ибраимов, Б.Жанузаковдар да кире албай калышканын, Аксы боюнча кимди каякка жиберип, эмне кылышты бүт Карыпкулов тескеп турганын айтып… акыры сот кайра башталаганын, бул ирет мурда акталгандын баары күнөөгө тартылып жатканын кошумчалаган.

Коммерциялык жоготуулар менен ар кандай шылуун жолдор аркылуу уурдап-таламайды жоготуу максатында электр энергияларын бөлүштүрүүчү компанияларга инвесторлорду тартуу биздин алдыбыздагы негизги маселелердин бири болду. Биз бүгүн мына ушундай инвесторлорду Камбар Ата ГЭСи, Бишкек ТЭЦи жана Сары Жаз, Көкө Мерен, Жогорку Нарын ГЭСтерине тартуу менен аларга инвестициялык жагымдуу жагдайларды түзүп берүүгө тийишпиз. Президент К.Бакиевдин мына ушул өңүттө Орусиянын «Новости» маалымат агенттиги менен баарлашуусу «МСН» гезитине жарык көрдү.

«Кыргыз туусу» гезитинин суроолоруна жооп берген Орусия тышкы иштер министри С.Лавров анын өлкөсү Кыргызстан менен бардык тармактар боюнча кызматташууга олуттуу маани берип жатканын, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода көлөмүн миллиарддаган долларга жеткирүүгө реалдуу мүмкүндүктөр бар экенин, азыркы күндө «Орусиянын бирдиктүү энерготармагы» деп аталган акционердик коомунун катышуусу менен Камбат Ата-1 жана Камбар Ата-2 ГЭСтерин куруу боюнча ири долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн даярдык жүрүп жатканын баяндады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG