Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

12:20 19-апрелдеги окуя боюнча ишти 1-май райондук сот 13-июлга которду


Буга юстиция министрлигинин күзөтүнүн кылмыштан шектелип жаткан эки жаранды Бишкек шаардык №1 СИЗОдон райондук сотко алып келбей калышы себеп болду.
Нааразылык акцияларынын катышуучулары саналган Жолдошбек Абдиев менен Эркин Акназаровго Кылмыш-жаза кодексинин массалык баш аламандык боюнча 322-беренесине ылайык айып тагылууда. Укук коргоочулар 19-апрелде эч кандай баш аламандык болгон эмес дешип, аталган берененин коюлушун ойду эркин билдиргендерди куугунтукка алуу катары чечмелешүүдө. Алардын болжолунда 19-апрелге байланыштуу Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайда аталган экөөнөн тышкары дагы үчөө отурушат. (BuS)

 

XS
SM
MD
LG