АКШга расмий иш сапары менен барып келген вице-спикер Кубанычбек Исабековдун айтымында, конгрессмендер күзүндө америкалык аскер тарабынан атып өлтүрүлгөн кыргыз жараны А. Ивановго байланыштуу маселени карашат. “Алар бул маселени Конгрессте көтөрүп чыгабыз деп убада кылышты. Мындан сырткары Кыргызстандагы америкалык жоокерлердин макамы тууралуу айтканымда, конгрессмендер “Силердин өкмөтүңөр бул документке өзү кол коюп берген” деп билдирди. Андыктан ушул маселени кайра карап чыгууну талап кылам”,-деп билдирди “Азаттыкка” Кубанычбек Исабеков. (ZMa)
18:32 К. Исабеков: АКШнын Конгрессинде күзүндө кыргыз жараны А. Ивановдун маселеси каралат