Маалымат катары айта кетчү сөз, социалисттик ири курулуш Токтогул ГЭСи 1964-жылы башталып, он жылдан ашуун созулган. Ага 2,5 миллиард ашуун советтик рубль акча сарпталган. Советтик акча менен азыркы доллардын а кездеги катышын эсепке алганда оңор эмес пул 19 миллиард кубометр суу сыйдырган жасалма көл менен жыл сайын 1200 МВт электр энергиясын иштеп чыгарчу ири курулушка жумшалган.
7 миллиард кубометр суу сактагычы менен “Камбарата – 2” ГЭСинен кыйла өйдө жерде салынчу “Камбарата – 1” толук кубаттуулукта иштей баштаганда жыл сайын 1900 МВт электр энергиясын иштеп чыга турган ири ишкана болмокчу. Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы эң ири инвестициялык долбоордун тегерегиндеги талаш-тартыштын узакка созулушу, экономикалык маселенин саясий өңүтүнө өзгөчө көңүл бурулушунун себеп-жөнүн парламент депутаты Темир Сариевдин момундайча сыпаттаган жайы бар.
- Жүрөгүбүз, ички сезимибиз бир нерсени аңдап турат. Ал сезим бизге бүгүн өкмөттүн калп айтып, туура эмес маалыматты берип, мына ушул “Камбарата – 1” менен “Камбарата – 2” ГЭСтерин мыйзамдан чыгарып кетеринде болуп жатат.
Чоң талаш Кыргызстан экономикасында өзгөчө орун ээлөөчү ири курулушту чет элдик ишкерлердин энчисине берип коюу өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына кайчы келип калбайбы суроосунун айланасынан чыккан. Парламент депутаты Эргеш Төрөбаевдин айтуусунда, антишке буга чейинки тоокен долбоорлорунун өтүмсүз тажрыйбасы себеп болду окшойт.
- Биз азыр ушул ГЭСтин курулушун баштабасак 2 – 3 жылдан кийин биздин иштеп чыккан энергиябыздын кубаттуулугу өзүбүзгө жетпей калат. Бүрсүгүнү кеч болуп калат. Жанагы алтын кендери, “Кристалл” сыяктууларды банкротко жеткизип, анан соттошуп жеңип алгандары, ошентип менчиктештирип алышканынан коркуп жатышат. Ошондой болуп кетпесин деп жатышат.
“Электр станциялары” акционердик коомунун пресс-кызматынын жетекчиси Наталья Орлованын маалымдашынча, ушу тапта алгачкы техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуучу биргелешкен ишкана түзүлүүдө.
- Бул биргелешкен ишканага Орусия тараптан “Интер РАО ЕЭС” жабык акционердик коому , Казакстан жактан “Самрук” мамлекеттик холдингдин алдындагы “Казкуат”, Кыргызстандан “Электр станциялары” акционердик коомунун өкүлдөрү киришмекчи.
Курулуштун нарк-баасын так аныктачу алгачкы техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгуучулардын жыйыны август айында өтөт. Ага чейин жооптуу жумуштун уюштуруу маселелери ортодо макулдашылмакчы. Кыргызстандын энергетика, отун-суу ресурстары, өнөр жай министри Игорь Чудинов үч тараптуу сүйлөшүүлөрдө жоопкерчилиги чектелген шериктик түзүлөрүн мурда эле маалымдаган.
- Алгачкы техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга ким кандай катышары, канча каржы сарптай тургандыгы талкууланууда. Аны ким иштеп чыгары аныкталууда. Консорциум же башка бир укуктук түзүм уюшулган жок.
“Камбарата – 2” ГЭСинин 40% ашуун жумушун Кыргызстан өзү буга чейин бүткөрүп койгон. Жалпы энергетика системасы 1997-жылы ационердик коомдорго айландырылганда болгон байлык-мүлктүн баары 7,4 миллиард гана сомго бааланган. Андай жарыбаган баа менен өлчөнсө “Камбарата - 1” ГЭСинин буга чейин жасалган иштери өтөле арзан болору айтпаса деле түшүнүктүү. Мына ушул кенемтени парламент мүчөлөрү да белгилешип, оболу энергетика тармагынын базар баасын тактап чыгууну талап кылышкан.