Кечээ башталган бул жыйында жарандык коомдун өлкөдөгү коомдук-саясий жараяндарга тийгизген таасири, бейөкмөт уюмдардын 2010-жылга чейинки иш багыттары талкууга алынууда. Форумдун жыйынтыгында бүгүн бейөкмөт уюмдардын мындан аркы ишмердигине багытталган бир катар документтер жана резолюциялар кабыл алынмакчы. Жыйынга республикадагы бейөкмөт уюмдардан 200 чакты өкүл катышып жатат.(SM)