Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

ДҮЙНӨЛҮК КАЛК КҮНҮ ЭНЕ САЛАМАТТЫГЫ КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА


Бүгүн, июлдун 11инде, Дүйнөлүк Калк Күнү расмий белгиленүүдө. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан негизделген бул иш-чаранын быйылкы көңүл чордонуна эненин саламаттыгы жана аны чыңдоонун натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу маселелери коюлууда.

Дүйнө жүзүндө ар мүнөттө бир аял (тийешелүү дарылана албай же өзү муктаж болгон социалдык камкордуктан куру калгандыктан) төрөт маалында каза болуп турат.

Мында энелер үчүн дурустап кам көрбөгөн жалпы эле коомчулуктун, анын ичинде биринчи кезекте - эркектердин (эски жөрөлгөлөргө чидерленген, эрезеге жете элек кыздарын турмушка узаткан ата менен жубайынын саламаттыгы үчүн камкордук кылбаган күйөөнүн) жоопкерчилиги олуттуу.

-Үстүбүздөгү жылы Бириккен Улуттар Уюму Дүйнөлүк Калк Күнүнө байланыштуу иш-чараларды эркектерди эненин саламаттыгын чыңдоого, берик болгон аялдарга өтө астейдил мамиле жасоого үндөө менен жүргүзүүдө.

Бириккен Улуттардын Калк Корунун өкүлү Лейла Алйанак айым төрөттүн азап-тозогун баштан кечирген эч бир эне өз өмүрүнөн ажырабашы керек деп баса белгилейт:

- Анча-мынча жылыштар бар, бирок жыл сайын жарым миллиондой аял заты берик болгон чагындагы кыйынчылыктардын айынан өмүрүнөн айрылууда. Демек, аялдардын теңдиги жана жакырчылыкты ооздуктоо жаатындагы мүдөө дагы эле дурустап жүзөгө ашырылбай келет. Боюнда бар жана толгоосу кармаган аялдардын ичинен 1440тайы күн сайын каза болууда. Ар мүнөттө эки аялдын бири төрөт учурунда көз жумууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө калк саны кескин өсүүдө, бирок калайык өзгөчө тез өскөн аймактарда аялдар, энелер азык-түлүктүн таңкыстыгынан жана башка социалдык көйгөйлөрдөн өзгөчө жапа чегишет, дейт Бириккен Улуттардын Калк Корунун өкүлү Лейла Алйанак айым:

- Дүйнө калкы 2050-жылга карата 9 миллиард 200 миллион кишиге жетмекчи. Калайык саны өскөн аймактардын басымдуу көпчүлүгү – калктын өсүшү туура келген аймактардын 99 пайыздайы – жакыр өлкөлөргө туура келмекчи. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө болсо калк саны дээрлик өзгөрбөстөн, бир миллиард эки жүз миллионго чейинки санда кала бермекчи.

Ушул тапта дүйнө калкынын саны 6 миллиард 600 миллионго жетти.

Жалпы калайыктын 60 пайыздайы Азия материгинде, 12 пайыздайы – Африкада байырлайт.

2050-жылы дүйнө калкы канча сандык көрсөткүчкө жетээри СПИДге каршы натыйжалуу күрөш, эненин саламаттыгын жана социалдык турмуш-тиричилик шарттарын чыңдоо сыяктуу жагдайларга да байланыштуу.

Жалпысынан, энелер үчүн камкордук кылуу чакырыгы байыртадан эле элдик дастандарда, ырларда, макал-лакаптарда камтылып келет, бирок жыйырма биринчи кылымдын башында да коомчулук бул жаатта сөздөн ишке өтүүдө аксап жатат, дешет БУУнун адистери.

XS
SM
MD
LG