Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

ТҮШТҮК ЧӨЛГӨ АЙЛАНАБЫ?


Кыргызстандын түштүгүндөгү калк өлкөнүн түндугүн көздөй ооп жатат. Бүгүнкү күндө Чүй облус калкынын 40 пайызын түштүк тараптан ооп келгендер түзөт. Бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. Эмне себептен? Кеп саясатта эмес, климаттын тездик менен өзгөрүп жатышы, жашоого жакшы турмуш кыла турган жай издөө тилеги- адамдарды бүгүн киндик канн тамган жеринен башка жактарды көздөй агызып жатат,-деп жазган «Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити, азыр аалам ысып баратканын, дүйнөдө мөлтүр суу менен ак кар, көк муздун Мекени болгон Кыргызстандын суу запасы да акыркы 40 жыл ичинде 20 пайызга азайганын, ал эми өлкөнүн түштүгүндө суунун тартыштыгы кадимкидей күчөй баштаганын, эгер абал ушул бойдон кете берсе 2500-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө дээрлик суу жок каларын, ошон үчүн бийлик бүгүн миграция агымын кантип токтотуп калу жөнүндө алпурушпастан, түндүккө толуп бараткан кишилерди кантип иш менен камсыз кылуу жагын, ошондой эле шаарлардын жашоо жагдайын жакшыртуу тууралуу ойлонуу керек деген маселени койду.

Орто эсеп менен Кыргызстандын 80 пайыз сугат сууларынын 20 пайызы гана максатына жетип, калган 60 пайызы курталаага кетип жок болорун айтышат адистер.

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG