Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:27

10:15 Президент эл аралык олимпиадага катышканы жаткан окуучуларга 200 миң сом каражат бөлдү


Эл аралык олимпиадаларга катышканы жаткан алдыңкы окуучуларга акчалай жардамды 10-июлда президенттин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркулов тапшырды. Анын колунан Борбуев Аким 45 600 сом, Балай Евгений 42750 сом, Марлисов Данияр 38000 жана Бекболот уулу Эрмек 45000 сом алды. Алардын ар бирине ошондой эле алты миң сомдон өкүлчүлүк чыгымдарга деп берилди. Ош шаарындагы «Сема» лицейинин 11-классынын окуучусу Борбуев Аким, Бишкектеги №61 мектеп лицейинин окуучусу Балай Евгений жана Нарын шаарындагы А. Буйлашов атындагы мектептин окуучусу Бекболот уулу Эрмек Ханой шаарында математика боюнча боло турган эл аралык олимпиадага катышмакчы. Ал эми Нарындагы кыргыз-түрк лицейинин окуучусу Марлисов Данияр физика боюнча билим сынагына катышуу үчүн Иранга жөнөмөкчү. (KCh)

XS
SM
MD
LG