Кыргыз өкмөтүнүн 9-июндагы токтомуна ылайык Кант цемент-шифер комбинаты өндүргөн курулуш материалдары өлкөнүн бардык аймактарына жеткирилүүдө. Өкмөттүк маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча июль айынын башынан тарта жергиликтүү базарларга цемент 60-65 миң тонна цемент жеткирилди. Буга чейин ай сайын 40-45 миң тонна гана түшчү.
Токтом ишке киргенден бери жалпы республикалык курулуш базарларына 80 150 тонна цемент, 264 567 дааны шифер жеткирилген. Ал эми монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттиги коюп берген баа боюнча бүгүн (кошумча нарк салыгы менен) 1т цементтин баасы – 2455 сом, 1 даана шыйпыр 146 сом турат.(ZKo)