Сугат суу тартыштыгынан улам Базаркоргондук жана Ноокендик дыйкандардын ортосунда чыр-чатактар көбөйүүдө. Мунун алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик суу бөлүштүрүлүүчү түйүндөргө милиция жана аскер кызматкерлерин коюуга аргасыз болгон. Бирок Базаркоргон районундагы Суубашы айлынын тургундары сугат суу көзөмөлүндө турган эки жоокерди сабап салышкан. Жаракат алган жоокерлер ооруканага жеткирилген.
Ноокен райондук администрациясынын маалыматы боюнча учурда суу бөлүштүрүлүүчү түйүндөргө милициянын күчөтүлгөн көзөмөлү коюлду.(ZKo)
Ноокен райондук администрациясынын маалыматы боюнча учурда суу бөлүштүрүлүүчү түйүндөргө милициянын күчөтүлгөн көзөмөлү коюлду.(ZKo)