Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

14:10 Кыргызстандан Новосибирскиге куруучулар керек


Бул тууралуу Новосибирск шаар мэриясы менен Кыргызстандан барган расмий делегациянын жолугушуусунда айтылды. Новосибирск шаарынын мэри Игорь Тереховдун айтуусунда облуста акыркы жылдары турак-жай курулушу күч алууда. Ошондуктан, куруучулар жана курулуш тармагынын адистери керек деп белгиледи ал. Жогорку Кеңештин миграция комитетинин жетекчиси Улукбек Ормоновдун маалыматы боюнча учурда Новосибирскиде иштеп жүргөн кыргыз жарандардын саны 12 миңден ашуун. (ZKo)

XS
SM
MD
LG