Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

14:50 Турсунбай Бакир уулу: Кыргызстан ШКУ саммитинен өзүнө утуш алууга милдеттүү


Кыргызстан ШКУнун 16-августта Бишкекте өтө турган саммитинде меймандос үй ээсинин жана устат ашпоздун гана милдетин аткарбастан өзүнө тиешелүү утуш алып калууга аракет кылууга тийиш деген пикирин Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Акыйкатчы ШКУ саммитинин күн тартибине ШКУга мүчө өлкөлөрдө адам укугун жана эркиндигин сактоону, эмгек мигранттары үчүн ар бир мамлекетте коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, ШКУга мүчө өлкөлөр аркылуу эркин өтүүгө жана кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү сыяктуу маселелерди киргизүү сунушу менен президентке кайрылган: "Бирок достук, кызматташтык тууралуу келишимден бөлөк эл аралык документтер кабыл алынганы тууралуу сөз жок. Ошондой эле өлкөдөгү башка маанилүү маселелер калып эле, көңүлдүн баары аэропорттун айланасын, борбор калааны жана президенттик резиденцияны көрктөндүрүүгө гана жумшалып жатат",-деди Турсунбай Бакир уулу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG