Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:30

АЗИЯЛЫК ТАЙМАШТА 2 АЛТЫН,2 КҮМҮШ, 7КОЛО МЕДАЛЬ


11-июлда Филиппин өлкөсүнүн борбору Манила шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөшү боюнча уландар арасында Азия чемпионатынан кыргызстандык балбандар жеңиш менен кайтып келишти. Алар 2 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль утуп алышты.

Жол алыстыгынан, виза маселелеринен жана калыстардын айынан балбандар кыйналганын Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Майрамбек Ахметов жашырбады. Грек-рим күрөшүнөн Маниллага сегиз балбан барып, жетөө жеңишке жетип, мөрөй алып, командалык үчүнчү орунга жетишкен.

Күрөштүн жеңил салмагында кыргызстандык спорт чебери Арсен Эралиев бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды.

Ал эми 84 кг салмактагы күч сынашууда Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Курал Ордобаев финалда казакстандык атаандашын жеңип, биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталды.

Маниладагы Азия чемпионатынын таймашуулары жана алдыдагы максаттары тууралуу алтын байге ээси Курал Ордобаев мындай деди:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Калыстардын айына Азиз Бейшалиев менен Кайрат Касеновдун чеберчилиги туура бааланбай, шагын сындырып, басып коюшту. Протест жазуу үчүн барымтага акча коюш керек. Эптеп каражат тартыш болуп, жол азабын тартып араң барган элек. Ошол түйшүктөрдун акыбети кайтты. Эми Пекинде өтчү дүйнө чемпионатына даярдык көрүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргойлу деп тилек кылып турабыз.

55 кг. салмакта Азиз Бейшалиев калыстардын айынан алтын байгеден куру калып, Азия чемпионатынын күмүш медалын алууга аргасыз болду.

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн намысын коргогон Кайрат Касенов, Салават уулу Темирлан, Бектур Карачаев жана Султан Рысалиев Маниладан Азия чемпионатынын коло байгесин олжолоп, ийгилик менен келишти. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча Азия биринчилигинде Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Максат Жакшылыков 60 кг салмактагы балбандардан финалга чейин жетип, калыстардын айынан алтын байгеден куру калып, күмүш медалдын ээси болду.

Жеңил салмактагы Алтынбек Алымбаевдин чеберчилигине күрөш адистери жогору баа беришип, ал Азиянын коло байгесинин ээси болду.

Кыргызстандык балбандар Бекболсун Кушубаков менен Ахмед Мачинов да Азия биринчилигинде үчүнчү орунду камсыз кылуу менен коло медаль тагынышты.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице- президенти Алмаз Касеновдун айтымында, жаш балбандардын келечеги кең, аларга өкмөт тарабынан бардык шарт түзүп берүүгө аракет көрүлөт.

- Чынында каражаттын тартыштыгынан улам 14 жигит жана 3 кызды жөнөткөнбүз. Грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев менен Курал Ордобаев Азия чемпиону болушуп, Кыргызстанды даңазалады. Быйыл бир айдын аралыгында эле үч чоң масштабдуу турнир болуп, бизге бөлүнгөн каражатты чыгымдап койдук. Калыстардын айынан дагы бир алтын, бир күмүш байгеден куру калдык.

Маниладагы кыздардын эркин күрөш таймашына Айзаада Жаналиева, Виктория Календарова жана Мыскал Жанчарова катышып, алар ийгилик жарата алышкан жок.

Эми кыргызстандык жаш балбандар 21-августтан 26-августка чейин Кытайдын борбору Пекинде өтчү жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына барышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG