Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

16:05 Бишкек шаар мэриясы жаңы конуштардагы мектептердин курулушу үчүн каражат бөлдү


Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн 140 млн сом шаарды айланта курчаган айрым жаңы конуштардагы курулуп бүтпөй калган мектептердин курулушуна жумшалмакчы. Шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, Алатоо жаңы конушундагы мектептин курулушун аягына чыгаруу үчүн 50 млн сом, Акбатага – 9 млн, Арчабешикке -7,2 млн сом, Акөргөө жаңы конушундагы орто мектепке 8,8 млн сом, Орок жаңы конушуна 9 млн, ал эми Учкун жаңы конушундагы мектептин курулушуна 55 млн 643 миң сом бөлүндү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG