Депутат Кадыржан Батыровго караштуу ишканада мыйзамсыз жашап жатат деп аталган жарандар облбийликке кайрылышты. Кайрылууга кол койгон 70 киши депутат Кадыржан Батыровго тиешелүү деп эсептелген «Темир таш» акционердик коомунун ишканасын менчиктештирген баасы менен өздөрүнө өткөрүп берүүнү жана депутат менен жолугуштурууну өтүнүшкөн. Жумушсуздук менен жакырчылыктын жана үй-жайларынын жоктугунан бош турган имаратты басып алууга мажбур болгонун билдиришкен.Шаар сотунун чечимин жокко чыгаруу үчүн адвокаты Жогорку Стко кайрылган. лардын өкүлдөрү губернатордун биринчи орун басары Жаныш Курбанов менен жолугушту. Жаныш Курбанов 12-июнда маселе облустагы укук коргоо, күч органдары менен бирге жеринде талкууланаарын айтты. Бирок депутат менен учурашууга өкүлдөргө мүмкүндүк берилген жок. Жалалабат шаар соту былтыр имаратты басып алгандарды чыгаруу чечимин чыгарып, кеңсени «Элдердин Достугу» аттуу университетке караштуу деп тапкан. Ага ылайык тартип сакчылары 10-июнда имарат бошотулбаса аларга күч колдонуларын эскерткен. (YA)
16:14 Депутат К. Батыровдун ишканасын басып алгандар имаратты менчиктештирген баасында өткөрүп берүүнү өтүнүшүүдө