Бул жылдагы Дүйнөлүк калкты жайгаштыруу күнү “Эркектер-энеликти коргоодо негизги өнөктөштөр” деген ураандын алдында белгиленип жатат.
“Биз эркектер менен аялдар өз ара урматташуунун, бири-бирине ишенүү жана жалпы көз караштар аркылуу мамиле түзгөн өнөктөштөр катары санайбыз. Балдардын, аялдардын укуктары сакталган сергек жана бейпил жашоонун кепили болуп коомдогу эркектер эсептелет. Бүгүнкү күнгө чейин көпчүлүк коомдордо, үй-бүлөлүк жашоодо эркектер көбүрөөк чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эркектер аялдардын коомдогу ордун кеңейтип, үй бүлөөнүн тең укуктуу мүчөсү катары кабыл алышы, айрыкча билим алууга колдоо көрсөтүүсү өнөктөш мамиленин негизи”,- деп баса белгиледи БУУнун Калк Фондунун аткаруу директору Сорая Обейд.
БУУнун Калк фонду Кыргызстандын өкмөтүнө 1992-жылдан баштап жардам көрсөтө баштап Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү 1993-жылы ачылган. Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинде аталган уюмдун уюштуруусу менен фотосүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн эркектердин үйбүлөдөгү орду, аялдарга жана балдарга болгон мамилесин ар тараптуу чагылдырган эмгектери коюлган. Көргөзмөнүн ачылыш аземинен соң БУУнун Калк Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн “Репродукциялык саламаттыкты коргоо” программасынын координатору Чолпон Асанбаева мамлекет өз өлкөсүндөгү калктын санынын коопсуз өсүшүн камсыз кылып жана өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууну мойнуна алаарын баса белгиледи.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул жаатта эң жакшы мыйзамдык база түзүлгөн десем болот. Калктын келечектеги өсүшүн жөнгө салууга зарыл болгон жакшы мыйзамдар дагы кабыл алынган”,- деп айтты Чолпон Асанбаева.
Ошол эле учурда демографиялык кубулушту изилдөөчүлөр Кыргызстанда калктын өсүшү байкалганы менен дагы эле болсо энелердин жана балдардын өлүмүнүн саны салыштырмалуу жогору экендигин билдиришет. Адистердин айтуусунда өлкө башынан өткөрүп жаткан экономикалык жана социалдык оорчулуктар энелер менен жаш балдардын өлүмүнүн бирден-бир себеби.
“Расмий булактар боюнча 2006-жылы Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн саны 100 миң төрөткө жөндөмдүү аялдын ичинен алтымышты, ал эми балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү болсо миң тирүү төрөлгөн наристенин ичинен жыйырма алтыны түздү. Жалпыга белгилүү болгондой, биздин өлкө энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли жогору болгон аймакта жайгашкан. Бул болсо Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрүнө, социалдык өнүгүүнүн ыргагына жана аялдардын маданиятынан көз каранды. "Балдардын жана аялдардын өлүмүнүн санын кыскартууда мамлекет менен катар коомдун ар бир мүчөсү, айрыкча эркектер орчундуу салым кошуусу өтө маанилүү”,- деген пикирде Чолпон Асанбаева.
Борбор Азияда калктын санынын өсүшү кийинки он-жыйырма жылдагы сандык көрсөткүчү Москва мамлекеттик университетинин профессору, БУУнун “Глобалдык экологиялык келечектер” программасынын эксперти Николай Дрониндин белгилөөсүндө, аймактагы калктын санынын байкалаарлык өсүшү азыркы учурдан баштап 2025 –жылга чейинки убакыт тилкесинде болот. Бул убакыт ичинде Борбор Азиядагы калктын саны азыркыдан дагы он жети миллионго өсүп, элдин саны азыркыга караганда отуз пайызга көбөйөт.