Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:56

ӨТКӨӨЛ МЕЗГИЛДЕГИ ЖУМУРИЯТТАРДЫН ЭКОНОМИКАСЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ ОТЧЕТ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында жайгашкан "Экономист" деген изилдөө борбору жакында Чыгыш Европа менен мурдагы советтик жумурияттардагы экономикалык абал боюнча атайын отчет жарыялады. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, үстүбүздөгү жылы эң жогорку экономикалык өсүш Азербайжанда, ал эми эң төмөнкү деңгээлдеги өнүгүү Мажарстан, Кыргызстан жана Македонияда катталат.

Июндун аягында чыккан отчетто 28 өлкөдөгү былтыркы экономикалык абал изилденип чыккан жана үстүбүздөгү жылы кандай көрсөткүчтөр жетилиши мүмкүн деген божомолдор айтылат. Жалпысынан алганда, бул 28 мамлекеттеги өсүш былтыр орто эсеп менен 7,1 пайызга жеткен, быйыл болсо ал көрсөткүч алты жарым пайыздын тегерегинде болоору күтүлүүдө.

Дүң өндүрүштүн көбөйүшү боюнча былтыр биринчи орунга Азербайжан чыккан, анын экономикасы 34 жарым пайызга өскөн, 13 пайыз менен экинчи орунда Армения, ал эми Латвиядагы өсүш 12 пайыз болгон. Эң төмөнкү көрсөткүч - 2,7 пайыз - Кыргызстанда катталган. Быйыл дагы Азербайжан менен Армения алдыңкы орундарда болоору күтүлүүдө, алардын бир жылдык дүң өндүрүшү 20 жана 10 пайыз болот деп болжолдонуп жатат. Үчүнчү орунга болсо 9,4 пайыз менен Эстония чыгаары күтүлүүдө.

Эң акыркы орунда быйыл 2,7 пайыз менен Мажарстан калат, Кыргызстанда болсо дүң өндүрүш жыл аягында 4 пайыз болот деп айтылат, ошондой эле көрсөткүч Македонияда дагы каттала тургандай.

Борбор Азиялык башка мамлекеттерди алсак, биринчи орунга былтыр Казакстан чыккан, анын дүң өндүрүшү 10,6 пайызга өскөн, экономикалык өсүш Өзбекстанда 7,2; Тажикстанда 7,0 жана Түркмөнстанда 6,0 пайыз болгон. Үстүбүздөгү жылы дагы Казакстан 9,2 пайыз өсүш менен биринчи орунду сактап калат, Өзбекстандын көрсөткүчү 7,4 пайызга чейин, Түркмөнстандыкы 7 пайызга чейин жогорулайт, Тажикстандагы өнүгүү болсо былтыркыдай деңгээлде калат.

"Экономисттин" эксперттеринин айтымында, өткөөл мезгилдеги мамлекеттер деп аталган бул 28 жумурият жалпысынан алганда ыкчам өнүгүүдө, мисал үчүн былтыр алар бардыгы болуп 108 миллиард доллар тикелей чет өлкөлүк инвестиция тарткан, 2005-жыл менен салыштырганда, инвестициялардын жалпы көлөмү 40 пайызга жогорулаган.

Анткен менен экономикалык жактан мынчалык жакшы өнүгүп келаткан жумурияттарда саясий өнүгүү эксперттердин тынчсыздануусун жаратууда. Украинадагы жагдай калыптана элек, Сербияда дагы Косово маселеси өтө опурталдуу абалда, бирок эң негизги маселелер Орусия менен байланышкан. Маскөө жана Батыш ортосунда акыркы мезгилде башталган тирешүү келечекте экономикалык абалга дагы таасир тийгизиши мүмкүн деген чочулоолор бар. Орусиядагы экономикалык өсүш былтыр 6,7 пайыз болсо, быйыл ал алты жарым пайыз деңгээлинде болот деп күтүлүүдө.

Жалпысынан алганда көпчүлүк аталган жумурияттарда демократиялык тартип өмүр сүргөнү менен, демократиялык салт менен маданият калк арасына кеңири сиңбегендиктен, ар башка терс окуялар дагы боло баштады жана алардын катарында отчетто былтыр Мажарстанда орун алган элдик толкундоолор мисалга келтирилет. Өнүгүүсү толук демократиялык деп эки гана өлкө - Словения менен Чехия аталган.

XS
SM
MD
LG