Бул иш Аксы районунун айрым тургундарынын арызы боюнча каралууда. Алар апрель айында гезитке жарыяланган «10 күн убакыт беребиз» деген кайрылууда аксылыктардын ар-намысына доо кетирилген деп, гезиттен 25 миллион сом өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылышкан. Сот бул арызды кароону 4-июлда улантып, доогер тарапты жана күбөлөрдү уккан соң ишти териштирүүнү бүгүнкүгө жылдырган. Сотто аталган басылманын кызыкчылыгын коргоп жаткан «Медиаөкүлчүлүк» институтунун директору Илим Карыпбеков болсо кайрылууда Аксы элинин беделине шек келтирчү бир да сөз жок жана бул иш саясатташып кетти деп эсептээрин буга чейин билдирген эле. (SM)