ИИМнин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча 11-июнда Өзгөн районунун Чаңгет айлынын эки тургуну: 21 жаштагы М. Абылкасымов менен 41 жаштагы К. Молдобаев кутурма диагнозу менен Өзгөн районундагы жана Жалалабат шаарындагы ооруканаларга апкелинип, көп өтпөй экөө тең набыт болушкан. ИИМ маалыматы боюнча аларды кутурган иттер тиштеп алганы белгилүү болду.
Ушундай эле диагноз менен Чаңгет айлынын дагы үч тургуну: 9 жаштагы Б. Мураталы уулу, 14 жаштагы Ы. Мамасалы уулу жана 28 жаштагы Ш. Мамыров Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да бул окуя боюнча маалымат таратты. Анда айтылгандай райондук ооруканада кутурмага каршы вакцина жоктугуна байланыштуу кутурган ит капкан жарандарга өз убагында жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. ӨКМ маалымдагандай Өзгөн райондук ооруканасына кутурган ит тиштеп алган дагы эки киши кайрылган.(ZKo)