Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:57

11:04 Эки жарым килограмм апийим менен кылмыш тобунун мүчөсү кармалды


Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн. Оперативдик маалыматтарга ылайык, кармалган адам региондор аралык маң заттарды саткан топтун мүчөсү болуп чыкты. Ал такси менен болжолдогон жерге келгенде, алдын ала маалыматка ээ болуп турган агенттиктин кызматкерлери аны камакка алган. Текшерип келгенде өзү менен бирге 2 жарым килограмм апийим бар болгондугу аныкталды. Кармалган адам мурда дагы маң заттарды саткандыгы үчүн абакта отуруп чыккан Оштун тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG