Чүй облусунда жайгашкан “Бурана” мунарасы жана Ыссыкөлдөгү маданий музей Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен кызматташкан Нидерланд гуманитардык институту тарабынан уюштурулган сынакта жеңүүчү деп табылды. Сынактын максаты Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы музей мекемелерине колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Сынакта жеңишке жеткен музейлер уюштуруучулардан компьютер жана интернет түйүнүнө байланышуу мүмкүнчүлүгүн алышты. (ZMa)