Дин иштери боюнча агенттигинин башчысы Тойгонбай Калматов берген маалыматка караганда бул багытта беш мыйзамдын долбоору даярдалып жатат. Анын айтуусунда учурда Кыргызстанда 2142 диний уюм катталган. Ал эми 400-500дөн ашууну катталбай эле мыйзамсыз түрдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат. Булардын ичинде Хизб-ут-Тахрир, дааватчылар кыймылы, ШКУга мүчө өлкөлөрдө тыюу салынган Муна диний бирикмеси, сатанисттер, Фалунгунь жана башка бир нече диний агымдар бар.(ZKo)