Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Тойгонбай Калматовдун айтуусунда акыркы жылдары экстремисттик Хизб-ут-Тахрир партиясы тарапкерлеринен ажырай баштады. “Аталган диний агымдын түпкү максатын бүгүн эл түшүнүп калды жана аны колдобой жатышат. Мыйзамдан тыш иштеп жаткан диний уюмдарды тыюу салуу менен гана токтото албайбыз, эң биринчи элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз зарыл,” – дейт Тойгонбай Калматов. (ZKo)