Облустун Тайгараев айыл өкмөтүнүн 9 тургуну учурда кутурма оорусуна каршы эмделип жатат. Анткени, алардын айрымдарын кутурган ит каап, башкалары ал ит өлтүрүлгөндө колдору менен кармалап көрүшкөн. Мындай маалымат облустагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан алынды. Борбордун маалыматына ылайык Өзгөн районундагы Чангент айылынан кутурган ит капкан деп облустук ооруканага жаткырылган эки жарандын бири Жалалабатта көз жумуп, экинчиси кайра Өзгөн районуна алынып кеткен. Аталган райондо кутурма оорусунун алдын алуу боюнча айыл-кыштак тургундарын арасында алдын ала эмдөө чаралары көрүлүп жатат.(YA)