Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

16:25 Саратовдо кыргызстандык мигранттарды мыйзамсыз иштетип жүргөн депутат жазага тартылды


Орусиялык “Росбалт Приволжье” маалымат агенттиги жазгандай Саратов облусундагы Марксовский райондук кеңешинин депутаты Бисимбай Шарлапаев Кыргызстандык беш жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөндүгү үчүн жоопко тартылган. Буга анын колунда иштеп жүргөн Кыргызстандык жарандын арызы себеп болгон. Арызда айтылгандай, Кыргызстандык беш жаран 2007-жылдын жаз айларынан бери Бисимбай Шарлапаев жетектеген “Зоринское” ишканасында иштеп келишкен. Жетекчи тарабынан аларга жатакана, жакшы эмгек акы убада кылынганы менен ал аткарылган эмес. Ушул себептен кайра мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандыктар паспортун кайтарууну талап кылышканда, депутат аларга документтерин кайтарып берүүдөн баш тарткан. Жергиликтүү прокуратура тарабынан “Зоринское” ишканасынын кеңсесин тинтүү учурунда кыргызстандык мигранттарга тиешелүү бир нече паспорт табылган. Ошондой эле депутаттын колунда иштеп жүргөн Кыргызстандык мигранттардын Орусияда иштөөгө уруксаты жок болуп чыккан. Буга байланыштуу депутат административдик жоопко тартылып, ага 400 миң рубль өлчөмүндө жаза айып салынган.
Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын “Замандаш” ассоциациясынын маалыматы боюнча учурда миңдеген кыргызстандык эмгек мигранттары Орусияда иштөөгө уруксат кагазы жок, мыйзамсыз түрдө арзан жумушчу күч болуп иштеп жүрүшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG