Коммерциялык банктар койгон шарттардын эң негизгиси - карыз акчанын 30% алдын-ала төлөп коюу. Ал эми карызды кайтаруунун жылдык үстөк пайызы 15% - 24% тегерегинде, мөөнөтү үч жылдан жети жылга чейин. «АТФ Банк – Кыргызстан» ачык акционердик коомунун жетектөөчү адиси Нурлан Кулчаровдун айтуусунда, ипотека алуунун эки жолу бар.
- Кирешени ырастап же антпей деле кредит алса болот. Ипотеканы кирешени ырастабай эле ала турган болсо сөзсүз депозит, жок эле дегенде турак-жайдын наркынын 30% кем эмес акчасын төлөп коюу керек. Биз бардык сумманы 7 жылга беребиз. Жылдык үстөк пайызы он алтыдан.
Н.Кулчаров ушу тапта ипотекалык кредит алууга куштар адамдардын саны арбып баратканын, бирок алар негизинен колунда бар ишкерлер экенин маалымдады. Анын себеби үйлөрдүн кымбаттап, курулуш баасынын асмандап кетишине байланыштуу экенин ырастады.
- Билесизби, акча сатып алынып жаткан үй менен квартирдин баасына байланыштуу. Эгер үй жүз миң турса ошончолк акчаны алышат. Мисалы, азыр шаардагы бир бөлмө квартирдин болбоду дегендеги баасы 15 – 20 миң долларга чыгып жатпайбы.
Нурлан Кулчаров коммерциялык банктардын ортосундагы атаандаштык ипотекалык кредит берүүнүн шарттарын кыйла жөнөкөйлөштүрүп, мөөнөтү узартылып жатканын билдирди.
Марат Алтымышев 2005-жылы 12 400 доллар ипотекалык кредит алган.
- 16% деп «Халык банктан» алганбыз. Келишимдерди түзүп, бүт баарын эсептей келгенде, төлөй келгенде 16% эмес, 43 – 44% айланып кетет экен.
Алты жылдан кийин канча акча төлөп бере тургандыгын М. Алтымышев өз алдынча эсептеп чыгып, момундай жыйынтыкка келди.
- Алып аткан кредитиңдин 40% сен акчалай түрүндө сен банкка беришиң керек. Мисалы, мен 12 400 доллардын 5 миңге жакынын 4960 долларды күрөөгө койдум. Чыгымдардын баарын эсептеп, жоюу, банк пайызын эсептей келгенде 40 – 43% чейин жетип калат экен. Мен эсептеп көрдүм.
Кыргызстан турак-жай федерациясынын жооптуу кызматкери Лира Усубалиеванын пикиринде, эгер банк кредиттеринин үстөк пайызы аз болсо ушу тапта жаңы тирдик жаштар үчүн үй салып алуу кыйла жеңил болуп калат эле.
- Жаңы конуштардагы элдер аябай кыйналып жатат да. Эгер жерин коюп, кредитке үйүн салып, анан бир беш жылдан кийин ошол үстөгү менен эле төлөп берем деген элдер абдан көп. Алар көп деле акча алышпайт. Ашып барса 2 миңдей доллар акча алса 1 – 2 бөлмө үйлөргө кирип кетишке шарттары бар.
Кыргызстандагы 21 коммерциялык банктардын төртөө-бешөө гана ипотекалык кредит бере алышат. Ипотекалык кредиттин үстөк пайызынын көптүгүн банк кызматкерлери азыркы экономикалык жагдайга, көпчүлүк калк турмушунун оорчулугуна, алынган акчанын кайтарылыш кыйынчылыгына байланыштырып түшүндүрүшөт. Анын үстүнө жалпы калктын социалдык маселелерин чечүү милдетин коммерциялык банктар эмес, өкмөт өзүнө алган эмеспи.