Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:38

ИРАН БИЙЛИГИ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА ЖАҢЫ ЧАБУУЛ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын маданият министри жакында - маалымат каражаттары бийликке каршы тымызын төңкөрүш даярдап жатат деп өлкө журналисттерин күнөөлөдү. Айрым байкоочулар аны бийликтин алсыздыгынын белгиси деп чечмелөөдө.

Иранда эркин маалымат каражаттары азыр дээрлик жок, өкмөттүкүнөн айырмаланган пикир чагылдырган гезит-журналдар болсо өтө этият болууга аргасыз, ошол себептен маданият министри Мохаммад Сафар-Герандинин 8-июлда жасаган билдирүүсү айрым байкоочуларды таң калтырды.

Министр эч бир гезит же журналисттин атын атаган жок, ошондуктан Ирандын Басма сөз эркиндигин коргоо коомунун жетекчилеринин бири Машалло Шамсолваэзин аны ошол эле 8-июлда - бийлик өз ишиндеги кемчиликтерди жашыруу үчүн сырттагы кимдир бирөөгө күнөө таагууну жакшы көрөт деп мүнөздөдү.

Айрым башка байкоочулардын айтымында, бийликтин акыркы мезгилдеги аракеттеринен улам көптөгөн маалымат каражаттары жабылды же өз ишин токтотууга аргасыз болду, ошондуктан өлкөдө өкмөттү сынга ала турган гезит-журнал деле калган жок.

Реформа талап кылган коомдук уюмдардын пикирин чагылдырган "Мошарекат" деген гезиттин лицензиясынын күчү жакында жокко чыгарылды, мурдагы президент Али Акбар Хашеми-Рафсанжаниге жакындыгы менен белгилүү болгон "Хам михан" деген гезит дагы жабылды. Акыркы айларда өлкөдө орун алган студенттик толкундоолор жөнүндө жазган ИЛНА деген интернет-сайт дагы иштебей калды.

Былтыр күзүндө болсо "Шарг" жана "Рузгар" деген гезиттер жабылган. Шамсолваэзиндин айтымында, бийлик өтө мээлүн сын айткан маалымат каражаттарын дагы иштетпей жатат: "Консерваторлорго бир гана пикирди айткан маалымат каражаттары керек жана алар бийликке баш ийүүгө тийиш. 'Шарг' менен 'Рузгар' гезиттеринде чыккан макалалар радикалдуу эмес, алар өтө мээлүн маанайда болчу, бирок алар ошого дагы жол бербей койду", - дейт Шамсолваэзин.

Акыркы бир нече жылда Иранда жүзгө жакын гезит жабылды, ошондуктан журналисттер катуу чараларга көнүп да калган жана өз кабарларын алар өздөрү цензуралаган учурлар көп. Бирок министр Сафар-Герандинин катуу жарыясы президенттин басма сөз маселелер боюнча жардамчысы Мохаммад Жафар Бегдад жасаган билдирүүнүн эртеси болду.

"Фарс" маалымат агенттиги 7-июлда билдиргенге караганда, Бегдад - президент Махмуд Ахмадинежаддын бийлигине каршы күнүгө төңкөрүш даярдалып, саясий жана экономикалык кылмышкерлер балит пропаганда менен уу чачып жатканда, бийлик унчукпай отура бербейт деп билдирген.

Ошондуктан, айрым экеперттердин пикиринде, мындай биргелешкен билдирүүлөрдү - маалымат каражаттарына Иранда жаңы чабуул даярдалып жатат деп түшүнсө болот жана аны жалпы саясаттын ажырагыс бөлүгү катары кабыл алыш керек. Акыркы апталарда Ирандын батыш аймактарында бир нече тыңчы кармалганы тууралуу айтылууда, Батыштын илимий-изилдөө борборлорунда иштеген бир нече илимпоз май айында кармалып, камакка алынды, "Азаттыктын" катышуусу менен түзүлгөн "Фарда" радиосунун кабарчысы Парназ Азима Тегеранда үй камагында отурат.

Анткен менен маданият министринин журналисттерге каршы айткан катуу сөздөрүн айрым ирандык депутаттар сындап да чыкты. Депутат Мохаммад Али Мокняндын айтымында, журналисттер биригип, айрым саясий топтордун мындай чабуулуна каршылык көрсөтүүгө тийиш.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG