Бул тууралуу өнөр- жай жана энергетика министри Игорь Чудинов кечээ президент К. Бакиев менен жолугушуусу учурунда билдирди. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө Гамбарата-2 ГЭСинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн жалпысынан 65 млн доллар каражат сарпталды. Эми ГЭСтин биринчи агрегатын куруу иштерин аягына чыгаруу үчүн дагы 30 млн доллар талап кылынат. Өз кезегинде, мамлекет башчы К. Бакиев Камбарата-2 ГЭСинин курулушу боюнча ишти жана Камбарата-1 ГЭСи боюнча долбоордук иш кагаздарды даярдоону тездетүү милдетин койду.(MSu)