Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:47

МЕЧИТТЕГИ БОМБАЛАР


Кыргызстандын башын ансыз да ар түрдүү диний агымдар айлантканы аз келгенсип, эми ислам динин жамынган панисламдык агым каптай баштаганын, бул диний агым кыргыздын байыртан келаткан салт-санаа, ырым-жырымдарын жер үстүнөн жексен кылууга багытталганын, аны таратып жаткандар, биз баарыбыз мусулманбыз, сен кудайдын кулусуң, ошондуктан тигини жасаба, муну жаса, телевизор көргөнгө болбойт, мазарга сыйынба, Манас деген болбогон нерсе деген өңдүү сасык үгүттөрүн ачык эле жайылтып киргенин, мечиттеги айрым молдолор вахабисттик шарияттарын айтуу менен жаштардын аң-сезимин панисламдык шал идеяларга шыкап, ууландырып жатканын, алдын албаса мунун арты жакшылыкка алып барбастыгын, бул жол акырындык менен кыргызды эл катары тарыхтан жок кылуу жолу экендигин «Жаңы кылым» гезити коңгуроо кылып кагып чыкты. Ушул эле гезит Путин менен Назарбаев өз өлкөлөрүндө кумар жайлары болгон казинолордун иштешине тыйуу салса, бизде коолап-чайлап гүлдөп, дал ушул мите курттар Кыргызстанды ичтен жеп жатканына окурмандардын көңүлүн бурду.

60-жылдары Бишкектин мына ушул 65-жана 67-үйлөрүнүн жанында балдар үчүн бассейн бар эле, бүгүн ал селсяактардын дааратканасы. Ичинен тышына дейре таштандыга толгон. Түнкүсүн анын тегереги кокочо болгон баштык-үштүктөрүн көтөрүнгөн селсяктарга, кароосуз калган балдардын түнөгүнө айланат. Алардын ичкилик ичип алып ашата сөгүнгөндөрү, ачык эле секс жасап жаткандары жанындагы үйлөрдүн айнектеринен көрүнүп турат, деп жазган «МСН суббота» гезити бул боюнча шаар тургундары депутаттарга, Ленин райакимчилигине кайрылып жооп ала албаганын, эртең менен ишке баратсаң таңатпай таштанды аңтарып жүргөн селсаяктар кадам сайын учурарын… жакында дүйнөлүк аты-жыты бар меймандарды тосууга кам көрүп жаткан Бишкектин дагы бир жүзү ушундай экенин жазды.

«Кыргыз руху» гезити «Аманбактын» Балыкчы шаарындагы филиалы ишенип акча салган аманатчыларын дагы алдап кеткени, Кыргызстан АКБдагы бармак басты-көз кыстылар жана анын мурдагы кожейкеси Ш.Садыбакасованын ишмердиги жөнүндө сөз кылды.

«Эркин тоо» гезити Каржы министри А.Жапаровдун бейнесине шилтеген сүртүмүндө анын тыңдыгын, сөзгө чечендигин, өзгөчө өзүм дегенде өгүздөй күчү барын, финансы иштериндеги оң жактарын белгилеп, бирок бөтөлкөгө жакындыгын, чет өлкөгө барганда ичип алып Кыргызстанды уят кылганын, бирөөлөргө убада берип коюп, айлап сүйрөп жүрө бермейин жазып чыкты.

«Новый Кыргызстан» гезити эми мындан ары бийликтин суу-энерготармагындагы жасай турган иштери ачык-айкын болушун, бу жолу да бир күндүк фирмаларды апкеле коюп, элден маалыматты жаап-жашырып иш кыла турган болсо арты жакшылыкка алып келбестигин, анткени буга дейре эле оппозициялык күчтөр менен гезиттер президентке бул тууралуу көп ирет эскертип келгенин билдирет.

«Кыргыз туусу» гезитине кеп салган улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Омор Султанов, жазуучулардын «Кыргыз адабияты» аттуу жаңы гезити жарык дүйнөгө келгенин, азырынча окурмандын жүрөгүнө тийип албайлы деп миң эле нускада чыгарышканын, кыргыз жазуучуларын мамлекет казынасынан багып туруу үчүн акча бөлүү маселеси каралып жатканын, муну президент Бакиев да колдогонун, өзү да президент менен премьер-министрге кирип түшүндүрүп чыкканын сүйүнчүлөгөн.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG