Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, адам сатууга тиешеси бар деген шек менен 41-жаштагы А. Ормошева аттуу Бишкектин тургуну кармалды. Кечээ, 12-июлда милицияга 21-жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, Айна аттуу келин аны Алматага алып чыгып, кыздарды коммерциялык секске тартуу менен алектенген белгисиз адамдарга 1000 долларга сатып жиберген.
А. Ормошева “Издөө” рейдинин жүрүшүндө кармалды. (MSu)
А. Ормошева “Издөө” рейдинин жүрүшүндө кармалды. (MSu)