Ташкөмүр шаарына караштуу Кызылжар-12 айыл өкмөтүнөн келишкен аялдар айыл өкмөт башчысы Ысманжан Бабатаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Алар айыл өкмөт башчысын иштен алуу боюнча 800 шайлоочунун 493 кол койгон кайрылууга облустук бийлик жооп кайтарбагандыгына нааразы болушту. Алар облбийликке төртүнчү ирет келип жаткандыгын жана маселе чечилмейинче каршылыкты токтотпой, эгер бийлик жыйынтык чыгарбаса, айыл өкмөттү басып алуулары мүмкүн экендигин эскертишти. Июнь айында облбийликтен Кызылжар айыл өкмөтүнө барган комиссия кайрылууда көрсөтүлгөн 10 дооматтын 8 аныкталганын ырастаган. Алар менен жолугушкан облбийликтин бөлүм башчысы айыл өкмөт башчысын кызматтан алууга айылдык кеңештин гана укугу бар экендигин жана текшерүүнүн жыйынтыгы шаар Кеңешине жиберилгенин түшүндүрүштү.(YA)