“Адилет” укуктук клиникасы Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акунду жалган жалаа жаап, уюмдун даражасына шек келтирди деген жүйө менен сотко берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" аты аталган клиниканын жетекчиси Чолпон Жакыпова билдирди. Турсунбек Акун мындан мурда, чет жактардан каржыланган “Адилет” сыяктуу айрым бейөкмөт уюмдары саясатка ашкере кийлигишип, мамлекет башчысын кетсин дегенге чейин барып жатышканын сынга алган. Бир катар өкмөттүк эмес уюмдар “Адилет” укуктук клиникасына тилектештигин билдиришип, Т.Акунга каршы акцияларды уюштуруп, факс, интернет жана каттар аркылуу чабуул жасашары мүмкүн экендигин айтышат. Ал эми Т.Акундун өзү айткандарында чындык бар экендигин, «Адилет» укуктук клиникасынан башка уюмдар муну өздөрүнө албоосу керектигин билдирди.(IJz)