Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:41

КАМБАРАТА ГЭСтеринин ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕМЕСИ ТЕНДЕР МЕНЕН ТАНДАЛАТ


Камбарата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүгө байланыштуу тендер 24-июлда өткөрүлөт. Ага катышууга даяр экендигин казак тарап билдирген. Ал эми Россиянын РАО ЕЭС компаниясы кызыгуусун жашырбай келатат.

Камбарата ГЭСтерин курууга жол ачкан мыйзамды Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарар алдында кабыл алган. Бирок президент тарабынан ал мыйзамга кол коюла элек. Ошого карабай Камбарата-1 ГЭСинин алгачкы техникалык –экономикалык негиздемесин түзүү боюнча 24-июлда тендер болоору кабарланды. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бейшемби күнү маалымдаган:

-Камбарата-ГЭСтеринин алгачкы техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү боюнча тендер 24-июлда соңуна чыгат. Анда негиздемени түзүүчү компания аныкталат.

Президент Курманбек Бакиев да 12-июлда өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Игорь Чудиновду кабыл алып, Камбарата-1 ГЭСинин долбоордук-документациялык ишин, ал эми Камбарата-2 ГЭСинин курулушун тездетүүнү талап кылган. Чудиновдун маалыматы боюнча, Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн 30 миллион доллар керек. Ал эми буга чейин бул ГЭСти курууга 65 миллион доллар сарпталган.Курулуш иштери болсо учурда ГЭСтин административдик имаратында жүрүп жатат.

Камбарата ГЭСтерине байланыштуу азырынча ушундай иштер жүрүүдө. Бирок ал ГЭСтерди «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан чыгарууда мыйзам бузуулар орун алганын оппозициялык депутаттар билдирип, Конституциялык Сотко кайрылышаарын жарыялашкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев бул багыттагы азыркы абал тууралуу буларды маалымдады:

-Бир топ депутат кол коюп президентке кат жөнөткөнбүз. Анда бул мыйзамга кол койбоңуз деп сунуштаганбыз. Эгерде мыйзамга кол коюулуп, ал күчүнө кирсе, андан кийин конституциялык сотко кайрылуу болот го.

Кыргызстандагы бардык ГЭСтер жана ТЭЦтер биригип, жылына 15 миллиард килловат саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Анын 12 миллиарды ички керектөөгө жумшалса, 3 миллиарды экспортко чыгарылып келет. Ал эми Камбарата –1 ГЭСи жалгыз өзү 6 милилард килловат саат электр энергиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү болуп, андан сырткары 5 миллиард куб метрдин тегерегинде суу сактайт. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Чудиновдун пикиринде, мына ушундай кубаттуулуктагы ГЭСти ишке киргизүү менен Кыргызстан электр энергиясын экспорттоого жана өзүнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алат.

Бирок Камбарата ГЭСтерин куруу үчүн ири көлөмдө инвестиция керек. Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат керектиги айтылууда. Канча каражат кетери жана канча убакытта курулуп бүтүшү техникалык-экономикалык негиздеме түзүлгөндө анык болмокчу. Оппозициялык депутаттар ГЭСти курууга катышкан тышкы инвестор Камбаратадагы сууну, энергияны толук көзөмөлгө алып алат деп чочулоодо. Бирок башка депутаттар ГЭСтин акциясынын 51% мамлекетте калат деген мыйзам ага жол бербейт деген пикирде турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG