Юрий Куклачов Москвалык балдар-кыздарга 20 жылдан бери мышык оюн коюп келет. Анын кайталангыс спекталдеринде ар кыл түспөлдөгү чоң-кичине мышыктар устундарга чыгып, абада секирип, акробатикалык ар түрдүү оюндарды көрсөтүшөт. Куклачев өзү клоун болуп катышат. Спектаклдын сахнасын Куклачевдун аялы көркөмдөйт, ал эми кызы костюмдарды тигет. Быйыл уулу Дмитрий өзүнүн мышык театрын ачты, ал да клоун.
Бирок акыркы айлардагы бир катар окуялардан улам Юрий Куклачев театр башка жакка көчүүгө мажбур болобу деген кыжаалат ойдун туткунунда калды. Жыл башында шаардык полициянын Экономикалык кылмыштар бөлүмүнүн инспекторлору алдын ала эскертпестен келип, театрдын ошол күндөгү кирешесин текшеришкен.
- Алар келип, бардык эсеп кагаздарыбызды текшеришти. Бирок эч кандай ката таба албаган соң, кезектеги спектаклды койгонго уруксат берүүгө мажбур болушту,-деди Ирина Василчикова, Мышык театрдын маалымат катчысы.
Аталган экономикалык кылмыш бөлүмүндө бир жума бою эч ким телефонго жооп берген жок, ал эми шаардык акимиятта маалымат катчысы жайкы эс алууда экендигин айтып, жооп берүүдөн баш тартты.
Жергиликтүү сотко кайрылган Куклачев инспекторлордун келишинин артында Кутузов проспектисинде кымбат дүкөндөрдү салып жаткан курулуш фирмалары турган болушу мүмкүн деп шектенүүдө. Анын үстүнө жакын жерде көптөгөн миллиард доллардык "Москва Сити" финансы борбору курулуп бүтүп калды. Бул Кутузов проспектисине гана тийешелүү көрүнүш эмес. Кымбат батир, офистердин курулушуна байланыштуу, шаардын борбордук чөлкөмдөрүнөн Кызыл Октябр шоколад фабрикасы, Музей кино театры сыяктуу көптөгөн эски, тарыхый ишкана, мекеме, жайлар Москванын чет-жакасына көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
Куклачевго кийинки кезде коңшулары да мышыктын көптүгүнөн жаман жыт келет деп арызданып жатышыптыр.
Жакында өткөн оюндун танаписинде көрүүчүлөр Куклачев мышыктары менен башка жакка кетсе, өкүнүчтүү болоорун билдиришти. 4 жаштагы Катя деген кызы менен келген Олга мындай деди:
- Театр, китепкана, балдар театры сыяктуу жайлар борбордон чет жактарга сүрүлүп калтан учурлар өтө эле көп болуп жатат. Мунун баары биздин өкмөттүн, Москва шаар өкмөтүнүн саясатынан болуш керек. Албетте бул туура эмес. Балдар биздин келечегибиз, биз алар жөнүндө кам көрүшүбүз керек.
Анын аралыгында, оюн да бүтүп, ээрди кыпкызыл, узун мурун клоунду ойногон Куклачев балдарга кол булгалап, эки бүктөлүп жүгүнүп коштошту.
Москванын мэри Юрий Лужков бул театрды колдойт деп айтышат, балким андан жардам болуп, Мышык театры чыт курсак балдарга кубаныч тартуулоону уланта берээр. Азырынча Куклачевдун келечекке үмүтү анчейин.