Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

ТҮРМӨДӨГҮ Н.МЕНДЕЕВА ЭМНЕ ҮЧҮН ООЗУН ТИГИП АЛДЫ?

Түрмөдө отурган Назгүл Мендеева жаза өтөө жайында иштеген кызматкерлерге нааразы болуп жети күн бою оозун тигип, ачка отурду. Ал 12-июлда гана Адилет министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда оозун ачты. Мындай акцияга Назгүл Мендеева эмне үчүн барды?

12-июлда Адилет министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Назгүл Мендеева жаткан Степное айылындагы абакка барышты. Назгүлдүн оозу ириңдеп, тигилген жип кайчы менен кырккыс абалда катып калганын өз көздөрү менен көрүштү. Ал жердин дарыгерлери Назгүл Мендееванын оозуна шприц ийне аркылуу суу берип турушкан экен.

-Оозун тиккен күнү келгем. “Мен сени түшүнөм, билбейм не бар ичиңде, оозуңдагы жипти алып салалы” десем, болбой койду. Шприц ийне аркылуу суу ичип атты,- деди дарыгерлердин бири.

Дарыгерлер Назгүл Мендеевага ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экенин эскертип бир нече ирет кеңеш беришкен жана анын ал-абалынан тынымсыз кабар алып турушкан.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, түрмө тарыхында оозун тигип, минтип нааразылык акциясын өткөрүү биринчи жолу болуп жаткан окуя. Назгүл Мендееванын суроо-талаптарын, анын нааразылыгын өз оозунан угуш үчүн анын оозундагы тигилген жип кыркылып, алынып салынды. Ошондо Назгүл Мендеева эмне себептен оозун тигип, ачкачылыкка отурууга аргасыз болгонун минтип айтып берди:

-Председателим келип “Сени аялдар сабайбыз деп атат” деп айтты. Эмне себептен сабаган атат десем, “сен жазыптырсың” деди. Менин жазгандарымды алып келип көрсөтсүн, мен ошондо мойнума алайын дедим. Опер Шайыпова жумуштан кетип атканда айтты: “Мен бүт аялдарга айтып койдум. Сага тийбейт” деп. Ошол күнү түн ичинде мени аялдар сабап кетишти да. Бетимде көгалам бар болчу. Азыр кетип калды.

Анын айтымында, ага түрмө кызматкерлери жана эркинен ажыратылган аялдар түрмө ичиндеги жашыруун турмушту сыртка чыгарып айтып жатасың деп кине коюп келишкен. Ал аз келгенсип түн ичинде уруп-сабашкан. Бул жерде уруп сабоо, басынтуу, кемсинтүү күч. Мындай ойго №2 аялдар колониясынын опер кызматкери Гүлзат Шайипова анча макул эмес:

-Назгүлдун айтуусу боюнча териштиргенибизде факты далилденген жок. Анткени ал күнү бир соттолгон Макееванын баласы өлүп, түнү угузуп, ал аябай жаман болгондуктан аялдар ошол аял менен чогуу жүрүшкөн. Назгүлдү кимдир бирөө урганын көрүшкөн эмес. Айтканы туура эмес дешти.

Гүлзат Шайипова бул кызматта бир топ тажрыйбасы бар экенин ырастап, Мендееванын айтканы жалган жалаа дегендей кылды.

Ал эми Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлү аялдар колониясындагы абалды, бул жердеги тартипти, эркинен ажыратылгандарга жасалган мамилени эми катуу көзөмөлгө ала тургандыктарын билдирди.

Окуя болгон Степная айылындагы №2 түзөтүү колониясы Кыргызстанда жападан жалгыз аялдар түрмөсү. Ал жерде азыр 600дөн ашуун аял жазасын өтөп жатат. Ал эми башкаарманыбыз – Назгүл Мендеева алдамчылык кылды деген күнөө менен айыпталып, мындан эки жарым жыл мурда 7 жылга эркинен ажыратылган.
Куржундар
XS
SM
MD
LG