Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

ИРАН: КЕСИПТИК КОШУУНДУН ТААНЫМАЛ ЛИДЕРИН КИМ УУРДАДЫ?


Амирбек Азам уулу, Бишкек Тегерандык автобус айдоочулардын кесиптик кошунунун таанымал жетекчиси Мансур Осанлунун тагдыры белгисиз калууда. Аны 10-июлда белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Осанлу мурда айдоочулардын жумуш шартын жакшыртууну талап кылган нараазылык акциясыны уюштурганы үчүн бир нече ирет камакка алынган. Эл аралык уюмдар Осанлунун коопсуздугу үчүн өз тынчсызданууларын билдирди.

Мансур Осанлуну белгисиз адамдар автобустан сүйрөп чыгып: “Бул башкесер” дешип, күчтөп жеңил машинеге салып кетишкен. Аны автомобилге салгандан кийин да төпөштөп жатканын күбөлөр көрүшкөн.

Анын кайда экенин беймаалым. Осанлу башындагы кесиптик кошуундун орун басар төрагасы Ибрагим Медади мындай деди:

-Осанлунун аялы, бир тууганы менен аны издеп, Нармак полицияканасына, андан ары Коомдук тартипти сактоо полициясына жана Моалем көчөсүндөгү ынкылапчыл сотко бардык. Тилекке каршы, бир да кабар жок.

“Фарда” радиосу Иран сотуна шилтеп, Осанлуну камоо жөнүндө өкүм чыкпаганын, анын жоголгону жөнүндө сот Кылмыш сотуна маалымдаганын кабарлады.

Көпчүлүк байкоочулар Осанлу өкмөттүк түрмөлөрдүн биринде деген ишенимде.

Эларалык таранспортчулар федерациясы 11-июлдагы билдирүүсүндө Осанлу профсоюздук ишмердүүлүгү үчүн 2005- жылдын декабрынан тарта бир нече ирет камалып, куугунтукталып, абакка салынганына көңүл бурду.

Башкеңсеси Парижде жайгашкан “Адам укугун коргоочуларды коргоочу уюм” да Осанлунун өмүрү үчүн кооптонгонун, аны уурдоо-айдоочулардын укугун коргоосуна байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Абдулфатах Султаны Тегерандагы Адам укугун коргоочулар борборунун мүчөсү. Осанлуну уурдоо- өкмөттү сындоочуларга, студент активистерге жана жумушчуларга кысым көрсөтүүнүн бир үлгүсү. Акыркы мезгилде өкмөт бул ыкманы кеңири колдонууга өттү дейт Султаны:

-Бийликтер коркутуп- үркүтүү аркылуу өкмөттү сындагандардын баарынын оозун жабууну жана анын алдын алууну көздөйт. Бирок, идеяны күч менен токтотуп болбосун, бардык элди күчтөп контролдоо мүмкүн эместигин биз билебиз.

Соңку айларда Иранда нааразылык акцияларына катышкан ондогон жумушчулар менен кесиптик кошуундардын активистери куугунтукталып, суракка алынып, атүгүл эркинен ажыратуу кеңири жаылган көрүнүш болуп барат. 1-майдагы демонстрацияга катышкан 11 жумушчу 10- июлда Күрт провинциясында соттолду. “Фарда” радиосу Ишемби күнү дагы эки адамдын соту болорун кабарлады.

Жумушчулардын нааразылык акциясын чагылырдыганы үчүн ИЛНА жаңылыктар агенттигин 11- июлда иштепей койду. Сот андан мурда бир жума бою агенттиктин ишмердүүлүгүн эч жүйөөсүз токтотуп койгон эле.

XS
SM
MD
LG