Президенттин жардыгына ылайык №2 Токмок унаа оңдоочу заводдун деректирлер кенешинин төрагасы Үсөнбек Есенбаев “Даңк” медалы менен, ал эми “Жалалабат” санаторийинин деректири Рахманали Матибраимов, Бишкектеги тиричилик таштандыларын ташуучу унаанын айдоочусу Игорь Суфтин, Ош облусундагы “Агфа” сүрөт студиясынын башчысы Касим Усмановдор ардак грамота менен сыйланышты. (EBM)