Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


“Кыргыз Артекс” борборунда сүрөтчү Ормонаалы Идирисовдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөдө классикалык модернизм стилинде тартылган, балалык темасында, табиятты, улуттук каада-салттарды чагылдырган отуздан ашуун эмгеги коюлган. Ормонаалы Идирисовдун айтымында модернизм стилинде тартылган сүрөттөргө көрүүчүлөр көп түшүнө беришпегендиктен, кардарлардын суроо-талаптары да анча эмес.

Ормонаалы Идирисов сүрөтчүлүк өнөргө бала кезден эле кызыгып, алгачкы сүрөттөрүн ылай беттерине тарткан. Ал эми алгачкы жеке көргөзмөсүн 2000-жылы Азия галлереясында ачкан. Андан бери бир катар республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, сүрөттөрүн чет элдик көрүүчүлөрдүн да сынына койгон. Ал эми бул жолку жеке көргөзмөсү 17-июлга чейин созулат. Андан соң күз айларында Германияда жеке көргөзмөсүн уюштурууну көздөп жатат. Андыктан немец көрүүчүлөрү да кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгектерин көрө алышат.


Эстрада ырчылары Назми менен Сапар Сопубеков Орусияда өткөн “Орус тил жумалыгы” аттуу эл аралык фестивалга катышып, өнөрлөрүн көрсөтүп келишти. Иш-чаранын талабына ылайык алар Атай Огонбаевдин “Эсимде” аттуу ырын жана Алла Пугачеванын “Жай менен коштошуу” деген композициясын аткарышкан. Кыргызстандан барган бул эки ырчынын үнүн угуп жактырган орустардын белгилүү композитору Борис Зайцев өзүнүн үч ырын белек кылган.

- Бирок ал жакта ыр жаздыруу, аранжировка кымбат тургандыктан Кыргызстанда эле жаздырып бүтүп, анан орус компзитору менен байланышууну чечтик,- деп билдирди Сапар Сопубеков.

Бул фестивалга Орусияда иштеп жүргөн кыргыз мекендештер да келишкен. Иш-чара жыйынтыкталган соң алар кыргыз ырчыларынан өзүнчө концерт коюп берүүнү суранышкан.

- Бирок белгилүү себептер менен мүмкүнчүлүк болгон жок, бирок эми жаш ырчы-куудулдар менен биргеликте Орусиянын ар кайсы шаарларында иштеп жүргөн мекендештерибизге концерт тартуулап келелидеп ниеттенип жатабыз,- деп билдиришти Назми менен Сапар Сопубеков.

“Учур” телетеатры Алтынай Темированын пьесасынын негизинде, жаштардын турмушун чагылдырган “Тапан” аттуу телеоюн тартты. Чыгарманын режиссеру Шаршебек Шейшенов билдиргендей чыгармада турмуштук жолду так тандап алуу, адамгерчиликти бийик коюп, таза жашоо зарылдыгы көркөм каражаттардын негизинде ынанымдуу көрсөтүлгөн. Адамдын адамдыгы, адеп ыймандык тазалыгы, ар кандай материалдык азгырыктардан жогору тургандыгы тастыкталган. Ал эми чыгарманын автору Алтынай Темированын айтуусунда телоюн учурдун көйгөйлүү маселелери чагылдырылып, азил тамашасы аралаш тартылган. Төрт бөлүктөн турган бул телоюн эмдиги жумадан тарта көпчүлүк үчүн көрсөтүлөт.
XS
SM
MD
LG