Белгилүү болгондой Кыргызстандагы алтын маселесине байланыштуу чатактарды, келишимдерди Жогорку Кеңештин өткөн жылы түзгөн комиссиясы иликтей баштаган. Анын башында депутат Болотбек Шерниязов турат. Бирок депутаттык комиссия ушул кезге чейин өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча парламентке маалымат бере элек. Быйылкы жылдын башында болсо өкмөт Камеко менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү баштаган. Алгачкы сүйлөшүүлөрдү жыл башында ошол кездеги биринчи вице премьер-министр Данияр Үсөнов чет өлкөлөрдө жүргүзүп, бирок анын жыйынтыгын ал кездеги өкмөт башчы Азим Исабеков жактырган эмес. Азим Исабековдун ордуна келген Алмазбек Атамбаев канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн каржы министри Акылбек Жапаров башында турган эксперттик топ түзүп, ал 16-майдан тарта материалдарды, маалыматтарды топтоого киришкен. Ал иштерге канадалыктар да катышкан. Эксперттик топтун мүчөлөрү буга чейин «Азаттыкка» берген маалыматтарында негизги максат Кумтөр кенинен Кыргызстанга көбүрөөк пайда алуу экендигин айтып, бирок талаптар тууралуу так маалымат беришкен эмес.
Эксперттик топтун мүчөсү, юстиция министри Марат Кайыпов жекшембидеги «Азаттыкка» билдирүүсүндө кыргыз тараптын талаптарын биринчи ирет ачыктап, ал 2003-жыл 31-декабрдагы келишимди жокко чыгаруу экендигин белгиледи:
- Кыргызстандын позициясы кыргыз өлкөсүнө, кыргыз элине пайда келтирүүчү талап. 2003-жылы 31-декабрда кол коюлган келишимде кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгы корголбой,тескерисинче кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүлүп калган. Мына ошону биз юридикалык, экономикалык, каржы жагынан далилдеп берип, андан кийин келишимди кайра кароо бүтүмүнө келгенибизди айтып, келишимди кайра кароону сунуштайбыз.
Юстиция министринин пикиринде, Камеко корпорациясы ал сунушка көнөт:
- Биз ойлойбуз, Камеко деле ага макул болсо керек. Анткени ал ачык компания түзгөн. Андай компания түзгөндөн кийин Камеко деле өзүнүн аброюн, беделин сактоого кызыкдар.
Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы, эксперттик топтун ишине тартылган Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, 2003-жылдын 31-декабрындагы келишим коррупциялык келишим болгон. Ошондуктан ага жол берген жергилктүү жетекчилер кылмыш жообуна тартылыш керек. Ал маселеси катуу коюлуп жатат:
- Жоопкерчиликке тартууну абдан катуу коюп жатабыз. Ал тезинен ишке ашырылыш керектигин көтөрүп жатабыз. Буга биринчи кол койгон ошол кездеги премьер-министр Николай Танаев болгон. Андан кийин Танаев өзү калгандарын айтып, тартып чыгат.
Белгилүү болгондой, 2003-жылдын 31-декабрына чейин Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 70% жакын болгон. Мына ошол келишимдин негизинде Кумтөр кени курамына кирген «Центерра голд инк» компаниясы түзүлгөн. Андагы Кыргызстандын үлүшү 30%дын тегерегинде болуп калган.Ал кездеги Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Центерранын» түзүлүшү мыйзамсыз экендигин белгилеп, эки жолу токтом кабыл алган. Бирок Танаевдин өкмөтү аны аткарган эмес.