Ал эми четке чыга качкан адвокаттын өзү айтканга караганда, анын үстүнөн кылмыш ишин козгоо атайын кызматтагылар көкүтүүсүнөн улам болгон. Аны алар өзү коргоого алып аткан Манана Асламазян, Анна Политковская жана Владимир Хуцишвилинин иштеринен оолактатуу максатта жасап атышат. Атайын кызматтагылар ага кыйладан бери тишин кайрап келе жатышкан.
Борис Кузнецов алдыңкы күнү «Азаттыкка» берген маегинде азырынча чет өлкөдөн баш калкалоо сурай электигин эскертти:
- Мен баштагыдай эле орусиялык атуул, орусиялык адвокат боюнча каламын. Көрөбүз. Окуя кандай өнүгөт, ошого жараша иш кылабыз.
Анализчилер чөйрөсү айткан кепте Орусияда авторитардык бийлик толук орногон 2003-жылдан тартып адвокаттык ишкердиктин Кремлге жолтоо болуусу арткан. Анын ишкердиги адам укугун коргоочу өкүмөттүк эмес уюмдар жүргүзгөн иштей бааланып калган. Ошондон тарта адвокаттарды кысуу ачык эле жасала баштаган. 2005-жылы Башкы прокуратуранын сунушу боюнча Ходорковскийди коргоого алып аткан адвокаттар: Юрий Шмидт, Антон Дрел, Елена Левина, Денис Дятлев жана Альберт Мкртычевдерди иштен чектеп, сот олтурумдарына катыштырбай салган. Кузнецовдун үстүнөн да азыр ошондой иш жасалып атат дешет.
Үстүдө жылдын жакасында президент Владимир Путин журналисттер менен болгон кезектеги жолугушуу үстүндө соттун ишкердиги Орусияда адилет экендигин белгилеген:
- Сот айып тагып аткан тарап менен адвокаттын актоосун ары экчеп, бери экчеп айлантып келип жыйынтыгында тийешелүү өкүм чыгарат.
Адвокат Борис Кузнецовдун коомго кеңири белгилүү болгон иштеринин арасында Европалык сотто «Курск» суу асты менен сүзүүчү кеменин курмандарынын доосу менен иликтөөнү кайра жүргүзүү иши, АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен соттолгон илимпоз Игорь Сутягиндин иши, «Аэрофлот» компаниясынын мурдагы башкы директорунун орун басары Александр Красненкердин иши жана башкалар бар.